Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Грузиянын премьер-министри кызматтан кетти


Ираклий Кобахидзе (солдо) жана Ираклий Гарибашвили.
Ираклий Кобахидзе (солдо) жана Ираклий Гарибашвили.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили бүгүн 29-январда кызматынан кеткенин жарыялады. Анын ордун бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе ээлеши мүмкүн.

"Партиянын саясий кеңешинде менин бул кызматта шайлоо өнөктүгү башталган жай айларына чейин кала берүүм тууралуу сөз болгон. Бирок мен отставкага азыр кетүүнү чечтим. Кийинки премьер-министрде командасын өз убагында түзүп, жаңы өкмөт куроо мүмкүнчүлүгү болушу шарт. Жаңы премьер-министрге ийгилик каалайм", – деди Гарибашвили.

Ал "Грузин кыялы" партиясынын төрагасы кызматына барарын, ал эми партиянын азыркы лидери Ираклий Кобахидзе премьер-министрлик кызматка талапкер болорун тастыктады.

Грузин басылмаларынын маалыматына караганда, өкмөт башчыдан тышкары коргоо, тышкы иштер, юстиция жана саламаттык сактоо министрлери да кызматын тапшырат.

Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган. Бул кызматты ал 2013–2015-жылдары да ээлеген. Ошол эле жылдары «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы болгон.

Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG