Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

CAS муз тебүүчү Валиеваны кызытма колдонгону үчүн төрт жылга спорттон четтетти


Камила Валиева. Бээжин, февраль, 2022
Камила Валиева. Бээжин, февраль, 2022

Спорттук арбитраж соту (CAS) орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиеваны 2021-жылдын декабрынан баштап төрт жылга спорттон четтетти жана ал ушул убакыт аралыгында алган бардык сыйлыктарынан ажырайт.

Буга чейин Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) жана Эл аралык муз тебүүчүлөр биримдиги орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиеваны кызытма эрежелерин бузган деп таап, төрт жылга дисквалификация кылууну, буга чейинки жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган.

CASтын чечимине ылайык, Валиеваны дисквалификациялоо 2021-жылдын 25-декабрынан башталат. 15 жаштагы Валиева ушул күнү көркөм муз тебүү боюнча Орусиянын чемпиону аталып, 2022-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ушул эле күнү анын анализинен спортто тыюу салынган триметазидин препараты аныкталган. Бирок бул тууралуу көркөм муз тебүү боюнча Орусиянын командасы уткан Бээжин Олимпиадасы жүрүп жаткан учурда белгилүү болгон. Ошол учурда сыйлык тапшыруу аземи болбой калган (калган командалар дагы эле Олимпиада медалдарын күтүп жатышат), бирок Валиева жеке турнирге катышууга уруксат алган жана төртүнчү орунду ээлеген. Биринчи жана экинчи орунду орусиялык Анна Щербакова менен Александра Трусова, үчүнчү орунду жапониялык Каори Сакамото алган.

2022-жылы Орусиянын допингге каршы тартип комитети Валиеваны күнөөсүз деп тапканы менен анын олимпиадага чейинки жеңишин жокко чыгарган.

Валиеваны коргоп чыккандар фигуристтин организмине тыюу салынган зат кандайча киргени боюнча ар кандай версияларды айтып чыгышкан. Эң негизгиси - Валиева мелдеш алдында чоң атасынын стаканын колдонгон. Анын машыктыруучусу Этери Тутберидзе Леонид Слуцкий менен болгон маегинде Валиева ыктыярчыдан балмуздак жеп, укалоочу адам сунуштаган чайды ичип турган. Журналист Влад Жуков бул Валиеванын ити менен байланыштуу болушу ыктымал экенин айтып чыккан. Мунун ыктымалдыгы дээрлик жок болгондуктан, бул версия такыр каралган эмес.

Валиева кызытма колдонгону боюнча иш каралып жаткан учурда Орусиянын ичиндеги мелдештерге катышып турду, ири каржылык төлөмдөр каралган айрымдарында жеңүүчү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG