Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:35

Ош шаарынын бир катар райондорунда газ өчүп калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто эки күндөн бери газдын басымы азайып, 31-январда шаардын айрым бөлүктөрүндө (Ак-Тилек, Юго-Восток, Авиа шаарчада, Учар айылында) өчүп калды.

Шаар тургундарына көгүлтүр оттун өчөрү туралуу алдын ала эскертүү берилбегенин айтып жатышат.

«Ошгаз» ишканасы «Азаттыкка» бул абалды Өзбекстандагы газ тартыштыгы менен байланыштырды.

«Бул көйгөй күз-кыш мезгилинде керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын кайталанып келет. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасынын азайышына байланыштуу түштүк тарапка газды экспорттоо төмөндөдү. Учурда "Газпром Кыргызстан" ишканасы сүйлөшүү жүргүзүп жатат», - деди «Ошгаз» ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов.

Өлкөнүн түштүгүндө кыш айларында газдын төмөндөшү акыркы үч жылдан бери кайталанып келет. Ош шаары газдын басымы өз нормасы менен келгенде кыш айларында бир суткада 160-200 миң куб газ керектейт. Өткөн жылы 12 айда 25 миллион куб газ керектеген.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. "Ошгаз" ишканасы да "Газпромго" өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG