Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Көлбаевдин өлүмү, журналисттерди жапырт камоо. Башкы прокурор айткан сандар


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев 31-январда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын куруп, Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн УКМКнын операциясынын мыйзамдуулугу, Кемпир-Абад иши, 11 журналисттин камалышы боюнча пикирин билдирди.

Прокуратуранын 2023-жылы аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисинин жана прокуратуранын сейфинен 762 миң доллар алып чыгып кеткен кызматкердин иши боюнча да суроолорго жооп берди.

Көлбаевдин өлүмү, 11 журналисттин камалышы

2023-жылы 4-октябрда Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлүп, Курманкул Зулушев окуя болгон жерге өзү да барган. Андан кийин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, бул операциянын мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин билдирген эле. Ошондон бери аталган текшерүүнүн жыйынтыгы кабарланган эмес. 31-январдагы маалымат жыйында Курманкул Зулушев мындай деди:

“Президентибиз “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө укугу жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. Андай факты аныкталган жок. Ошондуктан тергөөнү УКМК улантып жатат”.

Маалымат жыйында "Бийликти басып алуу", "Массалык башаламдыктар" беренеси менен кармалган саясатчы, журналисттер боюнча да суроолор берилди. Анткени соңку эки-үч жылдын ичинде аталган берене менен айыпталгандардын саны өсүп, алардын адвокаттары кармоо учурунда, тергөөдө мыйзам бузуулар катталып жатканын айтып, ишти саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.

"Жакында эле 11 блогер кармалып, тергөөсү жүрүп атат. Прокуратура ар бир иштин мыйзамдуулугун карайт. Бүгүн прокуратурада тергөө жок. УКМК жана ИИМде. Ишти козгоого негиз барбы? Биз мыйзамдуулугун карайбыз. Алардын сүйлөгөндөрүнүн, аракеттеринин экспертизасын алып келип иш козгоп, баш коргоо чарасын камакта кылып тергейбиз дейт. Биз болсо мыйзамдуулугун гана карайбыз. Ошол ар бир иштеги процесуалдык аракеттердин мыйзамдуулугун карап турабыз. Кармалган жарандардан, адвокаттардан арыздар келет. Бүт баарып текшерип, өз-өзүнчө жообун берип атабыз. Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, анда кайсыл тергөөчү болбосун кылмыш ишин козгогонго даярбыз", - деди Зулушев.

11 журналист 17-январда Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камалган. Алардын баардыгы "Temirov Live" редакциясынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери. 11 адам тең “Массалык башаламдыктар” беренеси менен айыпталып жатышат. Бири да мындай кине менен макул болушкан эмес.

Камактагы Махабат Тажыбек кызы менен Айке Бейшекееванын адвокаты Улан Сейитбеков мурда соттолбогон туруктуу жашаган жери, иши бар журналисттерди камакка алуунун кажети жок болчу деп эсептейт.

"Биз 11 адамдын кармалышы мыйзамсыз болгонун айтып, сотко өтүнүч келтиргенбиз. Анткени аларды кармоо учурунда токтомду көргөзүшпөй, кийин берип коюшкан. Алар эми тинтүү протоколун азыркыга чейин колубузга ала элекпиз. Конституция боюнча, кармалган адамдын юридикалык жардам алууга укугу бар. Дароо адвокат чакырганга мүмкүнчүлүк бериши керек эле. Ушундан улам кармалгандардын укугу бузулган деп эсептейбиз".

17-январда жапырт кармалган журналисттер Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына 29-январда которулду. Алар ага чейин 13 күн милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурду.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, сот чечими чыкканына карабай журналисттерди милициянын убактылуу жайында кармоо кыйноо катары баалана турганын билдирген.

Кемпир-Абад иши: "Жашыруун" грифинен чыккан талаш

Кемпир-Абад иши боюнча да нааразылыктар бар. Бул иш боюнча 30дай адам кармалып, анын 12си бир жыл үч айдан бери камакта отурат. Калганы ар кандай шартта үй камагына чыгарылган. ИИМдин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин коюп, сот дагы жабык каралууда. Айыпталуучулар кылмыш ишинде далил жок экенин, ушундан улам тергөө да, сот отурум да жабык өтүп жатканын айтып келишет. Бул боюнча башкы прокурордун пикири мындай болду:

"Чек ара маселесине байланыштуу болгондо биздин кошуна өлкөлөрдүн кандайдыр бир кызыкчылыктары бар. Сотто, тергөөдө ар кандай маселелер чыгып кетсе, биз мамилени бузуп алышыбыз мүмкүн. Же кандайдыр бир купуя сырлар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан тергөөнүн купуя дегенине макул болдук. Сот купуя деп өзү чечим кабыл алды. Биз аларга көрсөтмө бере албайбыз".

Былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берип жатып, алардын "уюштуруучусу чет мамлекеттин элчисинен акча алганын", ошого байланыштуу сот жабык өтүп жатканын айткан.

Президент 15-январда "Кабар" агенттигине маек куруп, Курултайда айткан сөзүнө түзөтүү киргизген. Мамлекет башчы "сырткы күчтөрдөн" деп айткандын ордуна "элчиликтен акча алган" деп айтып алганын түшүндүргөн.

Кемпир-Абад ишинде айыпталуучу, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова тергөө органдарындагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура бир нече жолу кайрылганын билдирди. Анткени айыпталуучулардын үйү соттун чечими жок тинтилип, ишке эч себепсиз “жашыруун” грифи коюлган деп эсептейт. Анткени жашыра турган эс нерсе жок экенин, ага Фейсбуктагы пикири үчүн иш козголгонун айтат.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Азыр сот отурумдары жабык өтүп жатат. Ага чейин тергөө да ушундай жүргөн. Ошондо биз сотко кайрылганбыз. Сот иштин баары купуя сыр болбой турганын айтып, купуя бөлүгүн өзүнчө бөлүп, калганын таанышууга, көчүрүп алууга уруксаат берүү чечимин чыгарган. Анан прокуратура көзөмөлдөп, тергөөчүнү соттун чечимин аткарганга милдеттендириши керек болчу. Биз бул боюнча прокуратурага бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок маселени чечип беришкен эмес. Аталган иш менен Курманкул Зулушев өзү да таанышып чыкса болот. Ал жерде эч кандай мамлекеттик сыр жок. Анын үстүнө айыпталуучулардын бири да чек арага байланыштуу ишке аралашкан эмес".

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюшкан.

Үй камагына чыккан прокурор, иши кыскарган кайни

Зулушевдин маалымат жыйынынан Башкы прокуратурадагы сейфте сакталган 762,5 миң долларды алып кеткен мекеменин бөлүм башчысы Рустам Абдырасулов бир апта мурун үй камагына чыкканы, анын иши тергелип атканы белгилүү болду. Сейфтен жоголгон акчаны Абдырасуловдун иниси окуя болгон күндүн эле эртеси алып келгенин айтып, акча казиного салынган деген маалыматты төгүндөдү.

Маалымат жыйындагы суроо жооп учурунда Бажы кызматындагы коррупцияга байланыштуу кармалгандардын иши кыскарып кеткени да кабарланды. УКМК 2023-жылы май айында кармаган бажычылардын бирөө Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси болчу.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

“2023-жылдын 4-декабрында тогуз адамга козголгон иш кыскартылыптыр. Ал эми жүктүн ээси Матназаровго карата бажы төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча 2023-жылдын 7-декабрында иш сотко кетиптир”, - деген башкы прокурор бул ишке кийлигишпегенин кошумчалады.

Зулушев Чүйдүн Молдовановка айылындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №31 дарылоо мекемесинде каза болгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) боюнча да суроого жооп берди. Анын айтымында абактын кызматкери Абдылдаевдин үтүктүн проводун көтөрүп жүргөнүн көрүп, бирок чара көргөн эмес. Андыктан "Шалаакылык" беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп атканын айтты.

Курманкул Зулушев келтирген сандар

Башкы прокурор маалымат жыйында 2023-жылы өлкө боюнча 41 961 кылмыш катталганын, алардын 4968и оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирерин белгиледи. Кылмыштуулук 2022-жылга салыштырмалуу 7% азайган.

Зулушевдин докладында көрсөтулгөндөй, былтыр 28289 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, 9603 иш сотко өтсө, 18 миң 685 иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган иштерди кароодо прокурорлор тергөө органдарына жазуу түрүндөгү 11 миң 616 көрсөтмө берген.

Ошондой эле 2023-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1832ге жеткен. Алардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Ал эми аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүп, жыл ичинде 8340 факты катталган. Алардын 3867си соттун кароосуна жиберилсе, 2120 иш өндүрүштөн кыскарган.

2023-жылы укук коргоо органдары коррупция жана кызматтык иштерге байланыштуу 1116 кылмыш ишин козгогон. Анын ичинен 506 ишти Башкы прокуратура тергеген. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 миллиард 202 миллион сом болгонун айтты. Анын 59%, же болбосо 3 млрд. 44 млн. сому кайтарылганын билдирди. Сумманын 1 млрд. 745 млн. сомун Башкы прокуратура өндүргөн.

Курманкул Зулушев кызматке келгенден бери жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын куруп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берип жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG