Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ташовго издөө жарыяланды, Жапаров ишкерлерди текшерүүнү тыйды


Камчыбек Ташиев менен Имамидин Ташов. Коллаж.
Камчыбек Ташиев менен Имамидин Ташов. Коллаж.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев KG Групп курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын билдирди. Өткөн айда үй камагына чыккан ишкер бийликти сындап, атайын кызмат андан 100 миллион сомду мыйзамсыз доолаганын айтып, социалдык тармактарда кайрылуу жасаган.

Ташиев бул дооматты жокко чыгарды. Ал арада президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда жыл жаңыргандан тарта эле саясий окуялар кызып, бул ирет курулуш тармагындагы таанымал ишкер Имамидин Ташов коомчулуктун көңүл борборуна түштү. Бийликти кескин сындаган ишкердин билдирүүсү 9-январда социалдык тармактарга тарады. Анда былтыр бир нече ай УКМКнын тергөө абагында отуруп чыккан ишкер бийликтин дарегине ачуу сын айтып, атайын кызматтын өкүлдөрү андан 100 миллион сом опузалап алышканын билдирген:

Имамидин Ташов.
Имамидин Ташов.

"2023-жылы 27-декабрда кечинде мени УКМКнын кызматкеримин дегендер чакырып, барган жеримден машинага кыйнап салышып, каршылык көрсөткөнүмө карабай бандиттерче уурдашып, белгисиз жерде сегиз күн камап, үйдөгүлөргө, жакындарыма, иштеп жаткан компанияма кабар бердиртпей кармап жатышты. Бул жагы жөн эмес, анткени ошол маалда тууга каршы акциялар жүрүп жатты, тынчтык митингдер пландалып жатты. Каршы пикир жарыялагандарды камоолор жүрүп жатты. Мен дагы салымымды кошсом деген аракетимди кылдыртпай, кармап жатышты. Бандиттерче кармап отуруп, ар кандай нерселер менен коркутушту. "Компанияңа кол салабыз, бардыгын камакка коебуз, жакындарыңа залакаң тийип калышы мүмкүн" дешти. Ноябрь айында дагы мага жабышкыс, илээшкис иштерди токуп отуруп, камап дагы көрүштү. Мага 52 миллион сом төктүргөнү аз келгенсип, анын үстүнө "сол чөнтөккө" 100 миллион сом бересиң деп отуруп араң чыгарышты. Өзүңөр көрүп жаткандай, канчалаган кесиптештер, куруучулардын канчасы камалып, төгүп, "кусуп" чыгышты. Алар интернетте айтылган суммалардын үч эсесин беришти", - деген Ташов.

Ташов бул видеодо мамлекеттик тууну өзгөртүү, ишкерлерди куугунтуктоо боюнча бийликтин аракеттерин сындап, мындан ары саясатка аралашуу ниетин билдирген.

Ишкердин бул видеосуна бийликтин реакциясы көп күттүргөн жок. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 10-январда Жогорку Кеңеште кеңири комментарий берди.

Анда ишкердин кайрылуусу тууралуу ага президент Садыр Жапаров түндө билдиргенин маалымдап, Ташовдун дооматтарын четке какты.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Мага президент түнкү 1.30-2лерде болсо керек, чалып, "мобул жерде бирөөнөн сенин кызматкерлериң 100 миллион сом сураган турбайбы" деп айтып калды". Мен издесем Имамидин Ташов экен. "Мага 52 миллон сом кассага төлөтүштү, дагы 100 миллион сом чөнтөккө төлөйсүң деди" дептир. Соттун чечими менен биз анын видео менен сүйлөшкөндөрүн жаздырып алганбыз. Алгач Ташовду эмне үчүн камаганыбызды айтып коеюн. Мага кайсы үй экени эсимде жок, бир үйдүн жашоочулары кайрылган. Анда "кыйналып жашап атабыз, кызыл китеп ала албай атабыз, электр энергиясына, газга жана сууга өндүрүүчү катары төлөп жатабыз, Ташовго чара көрүп бериңиз" дешкен. Ташовду чакырып сүйлөшкөнүбүздө чынында эле жашоочулар айткандай болуп чыкты. Биз аны камаганбыз, ал 53 миллион сомду бизге эмес, Бишке шаарына келтирилген зыянды төгүп берди. Анын тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Күрөңов менен сүйлөшкөн сөздөрүн соттун чечими менен жаздырып алганбыз. Экөө Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш уюштуруудан бери сүйлөшүп жатат. "Ушул күнү төңкөрүш кылабыз, ушул жерден чыгабыз, сен ушинтип айтып кое берсең болот" деп экөө сүйлөшүп жатат. Бир нече күн сүйлөшүштү. Биз ага карабай ал 52 миллион сом төлөп бергенден кийин Ташовду чыгардык. Аны тергөө абагынан чыгаргандан кийин дагы байкоо жүргүздүк. Анан ал кечээ ушундай видеону чыгарды. Биз ал видеого каршы Тилекмат "ай, 100 миллион сом дей бер, эл ишене берет" деген сөзүн жаздырып алдык".


Ташиев Ташовго издөө жарыяланганын, ага "төңкөрүш уюштурууга даярдык көрүү" деген айып тагылганын билдирди.

"Ал азыр бекинип, биздин мамлекеттеби, же башка өлкөдөбү, качып жүрөт. "Мамлекетке төңкөрүш уюштурууга даярданганы үчүн бүгүнбү, эртеңби, биз аны баары бир кармайбыз, аны жоопко тартабыз. Биз азыр өзүбүз дагы ичибизди тазалап жатабыз. Бирөөдөн тыйын алып койбосо экен, мыйзамды бузуп койбосо экен деп биз дагы карап атабыз. Бизге, УКМКга төгүп аткан акчанын баары эсеп аркылуу өтөт, мамлекеттин бюджетине кетет. Аны мен же дагы башка кызматкер көрбөйт дагы. Биз кагаздан санды гана көрөбүз. Ташов калп сүйлөп, ушундай видео кайрылуу жасаганга өтүп алды. Ушинтип ойногонго өтүп алды, ушинтип ойноп жүрүп анын бир күнү бели сынат".

УКМКнын маалыматына ылайык, Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатат. Бул иштер анын KG Group курулуш компаниясындагы мыйзам бузууларга байланыштуу экени белгиленди. Мындан сырткары "бийликти басып алууну пландаган" деген берененин негизинде Ташов менен бирге активист Тилекмат Күрөңовго издөө жарыяланганы белгилүү болду.

УКМКнын төрагасынын билдирүүсүнөн кийин эле социалдык тармактарга Ташов менен учурда четте жүргөн активист Тилекмат Күрөңовдун видео байланыш аркылуу сүйлөшүүсү деген видео жарыяланды. Анда жогорудагы эки адамга түспөлдөш адамдар кайсы-бир акцияны уюштурууну талкуулап жатканын угууга болот.

Аталган видеодо көрүнгөн Ташов менен Күрөңөв дагы комментарий бере элек.

Имамидин Ташов ким?

40 жаштагы Имамидин Ташов курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү. Ал негиздеген KG Group компаниясы 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан.

Ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон. Мындан соң коомдук турмушка көп аралашпаган Имамидин Ташов УКМК былтыр 27-октябрда Бишкектеги муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал шаардагы бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын билдирген. Кийин ал зыяндын ордун он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурганы кабарланган. Ошондон кийин, былтыр 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен 2021-жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.

Бийликти сындап келген активист 2022-жылы октябрда Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал Нарындагы Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

Президенттен ишкерлерди текшерүүгө тыюу

Ташовдун окуясына байланыштуу ишкерлерге байланыштуу талаш-талкуу маалында президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Ал Фейсбуктагы баракчасына эгер негизсиз текшерүү болсо ага кайрылууга чакырды.

"Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерди, бизнес чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары). Бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла. Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот",- деп жазды Жапаров.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул жолку мораторийдин былтыркы тыюудан айырмасын айтып берди. Ошондой эле бул жолу жалган арыздын негизинде ишкерлер текшерилбесин билдирди.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

"Мораторий былтыр, 2023-жылы дагы болгон. Бирок анда мораторий кылганы менен 35 түрлүү текшерүү калган экен. Ал жакта пландуу текшерүүгө мораторий кылганы менен башка текшерүүлөр жүрүп эле жаткан. Ошондуктан бизнес ал мораторийди жакшы деле сезген жок. Кылмыш иштеринен сырткары дагы 35 түрлүү текшерүү жүрүп келди. Быйыл болсо кылмыш ишинен башка бардык текшерүүлөргө тыюу салынды. Пландан тышкаркы текшерүү, салыкчылардын текшерүүсү өңдүү текшерүүлөр бизнеске абдан эле тоскоол болуп жатты. Президент өзү жарлыгында айткандай айрым учурда жалган доомат жаздырып алып, ошонун негизинде текшерген учурлар да болуп жатты. Айрыкча ушул жалган арыз менен текшерүү абдан кооптуу. Мындан ары ушундай жол менен текшерүүгө барса президент сага кайрылгыла дебеди".


Кыргыз өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизген. Кийин ал бир канча жолу узартылган. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан.

Кыргызстанда курулушчу ишкердин бийликке дооматы жана ишкерлерди текшерүүгө мароторий криминал жана коррупцияга каршы күрөш деген ураан алдында бир нече ири ишкерлерге иш козголуп, камалган учурга туш келди. Буга чейин салык жашырган эмес деген кине менен ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго сыртынан иш козголуп, анын ишканалары мамлекетке өткөрүлгөн.

Ал эми былтыр жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышта болгон деген негизде "Авангард", "Эмарк", Орион" курулуш компаниялары, "Мадина" базары, "Сансити", "Континет" компанияларынын кожоюндарына иш козголуп, айрымдары камакта отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG