Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

ЕБ лидерлери Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө Украинаны колдорун билдирди


 Жозеп Боррель.
Жозеп Боррель.

Шаршемби күнү Брюсселде Европа Биримдигинин 27 өлкөсүнүн коргоо министрлери Украина үчүн аскердик продукция чыгарууну көбөйтүү боюнча коргонуу өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Киев акыркы айларда Батыш өнөктөштөрүнөн орус күчтөрүн ооздуктоо үчүн зарыл болгон аскерий жардам сураган.

ЕБ саммитинин алдында, 31-январь күнү министрлердин бейформал жолугушуусунда биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррелль Орусиянын ири масштабдуу согуш баштап, Украинага бастырып киргенине эки жыл болгонун белгилеп, Киевди курал-жарак жана ок-дарылардын запасын толуктоо зарылдыгын айткан.

Ушул убакыттын ичинде орус артиллериясы калктуу кыштактар менен шаарларды аткылоосун улантып келет. Мындан карапайым калктын курмандыктарынын саны жана кыйроолор тынымсыз өсүүдө. Ал арада украин аскерлери артиллериялык снаряддарды үнөмдөөгө аргасыз болууда.

"Биз Украинага үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүшүбүз керек, - деди Боррель. Ал кырдаалды так баалоо зарылдыгын белгилеп: "Биз кайда экенибизди, март айына чейин жана жылдын аягына чейин кайда болорубузду билишибиз керек",- деди.

Германиянын канцлери Олаф Шольф шаршембиде Украинага курал-жарактан жардамды көбөйтүүгө чакырган ЕБ өлкөлөрүнүн төрт премьер-министрине кошулду.

Германия, Дания, Чехия, Эстония жана Нидерланд премьер-министрлери Financial Times гезитинде жарыяланган биргелешкен кайрылуусунда Евробиримдик Украинага убада кылынган “миллиондогон снаряддарды” азырынча бере албаганын моюнга алышкан.

"Биз чечкиндүүлүк көрсөтүп, Украинаны зарыл болгон учурда үзгүлтүксүз колдоо үчүн күч-аракетибизди эки эсеге көбөйтүшүбүз керек", - деди Европа Биримдигинин беш лидери.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG