Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Түнгө чейин жылуулук жана ысык суу толук жеткириле турганы кабарланды


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

3-февралда түнкү саат 12ге чейин Бишкектин бардык аймактарына жылуулук жана ысык суу жеткирилет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал айрым жерлерде суу жылуу болуп калышы ыктымал экенин кошумчалады.

Төрөбаевдин сөзүнө караганда Бишкек жылуулук борборунун жумушчуларына бул күндөрү иштегени үчүн айлык акы эки эсе көп төлөнөт.

Өкмөттүн Медиа штабы маалымдагандай, 3-февраль, саат 16:00гө карата, кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылган. Анын ичинде Өзгөчө кырдалдар министрлигинен 133 куткаруучусу жана техникалар бар.

Мындан сырткары жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер, 21 техника, курулуш компанияларынан 338 куруучу, беш техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүп жатканы кабарланды.

3-февралдын таңында Бишкек жылуулук электр борборунда жалпы 245 мегаватт кубаттуулукта алты от казан иштеп жатканы кабарланган. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 68 градуска чейин жеткен. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор. Акыркы маалыматтарда алар дарылануу үчүн Түркияга жеткирилери кабарланды. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG