Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:53

Түркмөнстан жөнөткөн суюлтулган газ Кыргызстанга келди


Түркмөнстандан келген жардамды тосуп алуу учуру.
Түркмөнстандан келген жардамды тосуп алуу учуру.

Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетип келди.

Расмий Бишкектин маалыматында, 5-февралда 57 вагон-цистернадагы газды Шопоков темир жол станциясында Энергетика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, "Кыргыз темир жолу" жана "Кыргызтранснефтейгаз" ишканаларынын өкүлдөрү кабыл алды.

Түркмөнстан аны Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууга байланыштуу жөнөткөн. "Алтын асыр" улуттук басылмасы аны энергетика тармагындагы чукул кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам экенин белгилеген.

Ишемби күнү Өзбекстан да жардам иретинде суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн. Казакстан жагдай жөнгө салынганча электр энергиясын берүүнү көбөйткөнү кабарланган.

2-февралда ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркаган. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Жылуулук борборун толук калыбына келтирүү үчүн миңге чамалуу адис иштеп жатат. 5-февралда 15 отказандын тогузу ишке киргенин, турак жайлардын көбүнө жылуулук жана ысык суу берилип жатканын өкмөттүн Медиа штабы кабарлады. Кырсыктын кесепетин жоюуга миң чамалуу адис тартылган.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG