Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Караколдо көк бөрүдөн жаракат алган жигит комага түшүп калды


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрациялык сүрөт.

5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып комага түшүп калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдирди. Бейтап ооруканага “Тез жардам” менен алынып келген.

“2000-жылы туулган улакчы башынан катуу жаракат алыптыр. Азыр абалы оор. Ага тезинен операция жасалышы керек. Башына кан уюп калган”, - деди дарыгер.

Каракол шаарындагы ат майданында көк бөрү боюнча облустук тандоо мелдеши өтүп жатат. Ага облустагы райондордон келген алты команда катышууда. Аны уткан команда 19-20-февралда Бишкекте өтө турган республикалык турнирге катышат.

Кыргызстанда буга чейин да улакчылар көк бөрү оюнунда катуу жаракат алып ооруканага түшкөн учурлар болгон. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG