Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Милиция журналист Эрмек Аттокуров кармалганын билдирди


Эрмек Аттокуров.
Эрмек Аттокуров.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы журналист Эрмек Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, милицияга ал дагы бир адам менен укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деген маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облустук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон. 8-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Эрмек Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

Эрмек Аттокуров 2023-жылдын март айында кошунасы аны үйүнөн сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү чара көрбөй жатканына даттанган. Бул иш боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге Фейсбуктагы баракчасынан кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн.

8-февралда Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган.

Облустук милиция буга чейин 2023-жылдын март айында Сокулук районунун Күн-Туу айылына караштуу Строитель дачасынын тургуну кошунасы Эрмек Аттокуров “таштандыны менин үйүмдүн алдына тыштайсын” деп ур-токмокко алганын айтып арыз жазганын билдирген.

Бул иш боюнча Сокулук райондук соту былтыр Эрмек Аттокуровду күнөлүү деп таап, 30 миң сом айып салган. Ал бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылып, облустук сот тараптардын жарашуусуна байланыштуу ишти кыскарткан.

Эрмек Аттокуров кайра кошунасына каршы арыз жазып Сокулук райондук ички иштер бөлүмү ишти тергеген. Ага үч жолу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын денесинде табылган жаракаттар иштин жагдайына туура келбейт деп чыгарылган жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Бул окуяга байланыштуу Эрмек Аттокуров облустук жана райондук милицияны айыптап келаткан. Ал буга чейин “Бешинчи каналда” жана НТС телеканалында журналист болуп иштеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG