Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Сот Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн узартты


Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. 1-февраль, 2024-жыл.

8-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга узартып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына 9-апрелге чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 30дан ашык адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер да бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG