Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

УКМК блогер Батмакан Жолболдуева кармалганын билдирди


Блогер Батмакан Жолболдуеваны кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Блогер Батмакан Жолболдуеваны кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы блогер Батмакан Жолболдуева Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал ушул жылдын январь айында Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайлардын бирине барып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Ал тасма социалдык тармактарга жарыяланган.

“Блогер Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөөдө Батмакан Жолболдуева Интернетке жарыяланган материалды өчүрүү үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом талап кылганы аныкталганы айтылды.

УКМКнын кызматкерлери аны 6-февралда 25 миң сом алып жатканда кармаганы, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды.

Атайын кызмат “буга чейин Батмакан Жолболдуева Интернетке терс материал жарыялап, анын айынан “Аkipress” маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти каза болгонун” билдирди.

Баткен облусунда иштеген журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Маркумдун жакындары блогерге доосу жок экенин билдирип, журналисттин өлүмүнө башка кишилерди шек санай турганын билдиришкен.

Бул окуяга байланыштуу Батмакан Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актаган.

Анын адвокаты менен жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG