Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Британияда иштөөгө 7 саатта 26 миңден ашык кыргызстандык арыз берди


Улуу Британияга сезондук жумуштарга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.
Улуу Британияга сезондук жумуштарга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.

Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн жети саатын ичинде 26 миңден ашуун кыргызстандык арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Алар Улуу Британиянын айыл чарбасындагы жумуштарга орноштуруу программасынын алкагында Hops Labor Ltd оператору аркылуу арыз беришкен.

"Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам арыз тапшырып, анын ичинен 14 миң 735и тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн. Биринчи этап анкетаны толтуруунун тууралыгын, электрондук почтанын бар-жоктугун жана Hops Labor Ltd оператору аныктаган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер “Азаттыкка” берген маегинде 2023-жылы ал жакта 10 миң кыргызстандык иштегенин билдирген.

Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушканда сезондук жумушчулардын саны мындан ары да көбөйө турганы айтылган.

Кыргызстандыктар 2022-жылдын мартында Улуу Британиянын айыл чарба иштерине элди тартуу программасына катыша ала турган чет элдиктердин тизмесине кирген.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2022-жылдын январында түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG