Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Бишкек ЖЭБи күн жылыгандан улам кубаттуулугун дагы азайтты


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 9 отказанын жана 4 турбоагрегатын штаттык режимде иштетип, ошол эле маалда электр өндүрүү кубаттуулугун 9-февралга карата 295 МВтка түшүрдү. Бул тууралуу ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.

Соңку аварияга чейин борбордо 400 МВт электр энергиясы өндүрүлүп келсе, авариядан соң кубаттуулук 200 МВтка түшүп калган. Калыбына келтирүү иштеринен соң ал кайрадан жогорулап жаткан.

5-февралда кубаттуулук 308 МВтка жетсе, 8-февралда көрсөткүч 300 МВтка түшкөн. 9-февралдын көрсөткүчү мындан дагы 5 МВтка аз болуп жатат.

ЖЭБдин айланасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн “Медиа штабда” жарыяланган видеодо Алпбек Садыров мунун себебин аба ырайынын жылыгандыгы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, абоненттер менен иштеген “Бишкекжылуулуктармактары” ишканасы мурдараак ЖЭБден 100% градус температурадагы жылуулукту суранып турса, бул күндөрү 63 градус гана талап кылынууда.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG