Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:53

Жалал-Абад шаарынын бюджети быйыл миллиард сомго жеткирилет


Жалал-Абадга кире бериштеги дарбаза.
Жалал-Абадга кире бериштеги дарбаза.

Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом өлчөмүндө бекитилиши пландалып жатканын шаар мэри Эрнисбек Ормоков билдирди. Былтыркысы 819,4 млн сомду түзгөн.

Бюджетти көтөрүү пландалып жатканы тууралуу калаа башчысы 8-февралдагы жыйында айтты.

Былтыр августта президент Садыр Жапаров өлкөдөгү реформанын алкагында Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилип, ага 2 миллиард сом бөлүнгөнүн бул калаага иш сапары менен барганда билдирген.

Ал ошондой эле Жалал-Абаддын башкы планы өзгөрүп, аймагы кеңейтилерин, шаардан түрмө жана аэропорт сыртка чыгарылып, ордуна жаңы имараттар салынарын белгилеген.

Былтыр августта Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаков атындагы парк ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG