Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн миңдей кичи автобус чыгарылды


Бишкектеги автобуста. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автобуста. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы тууралуу баяндамасында жазылгандай, борбордук көчөлөрдөн 986 кичи автобус маршруттук каттамдан чыгарылды.

Маалыматта жазылгандай, Чүй проспекти Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин толук кичи автобустардан бошотулду. Бул көчөдө автобустар гана жүрөт.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн да кичи автобустардан бошотуу долбоору иштелип чыкты. Бул тилкеде дагы кичи автобустун эки каттамы автобустарга алмаштырылат.

Мэриянын маалымдашынча, 9-февралга карата борбор калаада күн сайын 560 автобус, 120 троллейбус эл ташууга чыгууда.

Өкмөт былтыр Бишкекти миң жаңы автобус менен камсыздоону көздөп жатканын билдирген. Алардын дээрлик бардыгы газ менен жүрөт.

Шаар кеңешинин токтому менен 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG