Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Пакистандагы шайлоодо Шарифтин партиясы алдыда келе жатат


Пакистан. Шайлоо. 2024-жылдын 8-февралы.
Пакистан. Шайлоо. 2024-жылдын 8-февралы.

Пакистанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө уланууда. Бүгүн 9-февралга карата маалымат боюнча, «Машаал» радиосу билдиргендей, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиясы анын негизги атаандашы, азыр абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Имран Хан колдогон партияларга караганда бир аз алдыда келе жатат.

Пакистанда парламенттин төмөнкү палатасы Улуттук ассамблеяга шайлоо 8-февралда саясий чыңалуу жана зомбулук күчөгөн шартта өттү. Анын алдында бир нече аймакта жарылуу болуп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бийлик шайлоо бекеттерине миңдеген куралчан күч кызматкерин жайгаштырып, чек ара тилкесинде мобилдик байланышты өчүрүп койгон.

Соңку маалымат боюнча, Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы парламенттеги 17 орунга, ал эми Хан колдогон партиялар 14 орунга ээ болгону жатат.

Пакистандын парламенти эки палатадан турат – Сенат жана Улуттук ассамблея. Бул жолку парламенттик шайлоого 44 партия катышты.

Шарифтин негизги атаандашы Ханга өткөн аптада дагы бир топ айып тагылып, камак мөөнөтү жалпысынан 31 жыл болуп узартылган.

Буга чейин Пакистандын өкмөтүн үч жолу башкарган, кийин коррупция үчүн соттолуп, бирок абакка отурбаш үчүн Лондондо бозгунда төрт жылдан бери жашап келген Шариф мекенине былтыр октябрь айында кайтып барган. Апелляциялык арызы сотто канааттандырылган саясатчыга тагылган айып жокко чыгарылган. Ошондон кийин ага шайлоого талапкерлигин коюуга жол ачылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG