Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Украина: Орусиянын чабуулу бири нече кишинин өмүрүн алды


Харьков. 2024-жылдын 9-февралы.
Харьков. 2024-жылдын 9-февралы.

Украинанын абадан коргонуу системалары 9-февралга караган түнү Николаев, Херсон жана Харьков облустарына Орусия учурган 16 учкучсуз учактын онун атып түшүргөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Харьковдо бир адам жарадар болгонун, жарандык инфраструктура жабыркаганын Telegram аркылуу облус губернатору Олег Синегубов билдирди.

"Куткаруучулар мейманкананын имаратында чыккан өрттү өчүрүштү. Күзөт кызматкери жараат алды, ага жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү”, - деген Синегубов бир нече үй да жабыркаганын кошумчалады.

Херсон облусу соңку суткада куралдын бир нече түрүнөн 82 жолу аткыланганын, эки киши каза таап, дагы он киши жараат алганын аймактын жетекчиси Вадим Филашкин кабарлады.

8-февралдын кечинде украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды иштен алып, анын ордуна буга чейин жердеги аскерлерди башкарып келген Александр Сырскийди дайындады. Муну ал согуштун стратегиясын кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

Кечээ Орусия менен Украина ортосунда кезектеги туткун алмашуу болду. Ар бир тараптан 100дөн согуш туткуну мекенине өткөрүлүп берилди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG