Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бишкек ЖЭБи ушуга чейин кышкыга пландалган көмүрдүн 62% алганын билдирди


Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борборунун көмүр кампасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-2024-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) ушул күнгө чейин 391 миң тонна чет элдик көмүр, 350 миң тонна жергиликтүү көмүр – жалпы 741 миң тонна көмүр ташылып келди. Бул тууралуу ЖЭБдин Отун-транспорттук цехинин башчысы Эрмек Аманалиев атайын түзүлгөн “Медиа штаб” телеграм каналында билдирди.

ЖЭБдин керектөөсү жалпы 1 млн 200 миң тонна деп эсептелген. Мунун ичинен азыркы жылытуу сезонуна Казакстандын 550 миң тонна көмүр, Кыргызстандынн 650 миң тонна көмүрүн сатып алуу пландалган. Ташылып келинген 741 миң тонна пландалган 1 млн 200 миң тоннанын 62%ын түзөт.

Эрмек Аманалиев "ушул тапта борбордо суткасына 4 миң тонна көмүр жагылып жатканын, ташылып келинген көмүр кышкы сезондон чыгып кетүүгө толук жетерин" билдирди. Пландын калган бөлүгүн ташып келүү уланууда.

Мунун алдында аталган телеграм каналда Бишкек ЖЭБинин директору Алпбек Садыровдун видео интервьюсу жарыяланган. Ал 9 отказанын жана 4 турбоагрегатын штаттык режимде иштетип, ошол эле маалда электр өндүрүү кубаттуулугун 9-февралга карата 295 МВтка түшүргөнүн маалымдаган.

Соңку аварияга чейин борбордо 400 МВт электр энергиясы өндүрүлүп келсе, авариядан соң кубаттуулук 200 МВтка түшүп калган. Калыбына келтирүү иштеринен соң ал кайрадан жогорулап жаткан.

5-февралда кубаттуулук 308 МВтка жетсе, 8-февралда көрсөткүч 300 МВтка түшкөн. 9-февралдын көрсөткүчү мындан дагы 5 МВтка аз болуп жатат. Садыров мунун себебин аба ырайынын жылыгандыгы менен түшүндүрдү.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт.

2017-жылкы модернизациядан кийин Бишкек жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 812 МВтка жеткени маалымдалган. Бир жыл өтпөй, 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, калаа бир апта бою жылуулуксуз калган. Борбор ошондон бери мерчемделген кубаттуулукка чыга элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG