Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Баткенди өнүктүрүүгө каралган акчага 36 долбоор ишке кирди


Чек ара жаңжалында талкаланып, кайра калыбына келтирилген үйлөр
Чек ара жаңжалында талкаланып, кайра калыбына келтирилген үйлөр

Казынадан бөлүнгөн акча айыл чарбасын жакшыртуу, интенсивдүү кооператив уюштуруу, тике суу кудуктарын казуу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана муниципиалдык тигүү цехтерин уюштурууга багытталган.

"2023-жыл ичинде Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык казынадан 541 млн 800 миң сом бөлүнүп, 40 иш-чараны ишке ашыруу пландалса, учурда 36 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. 17 долбоор пайдаланууга берилип, 19унда иш жүрүп жатат", - деп билдирди президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Министрлер кабинети жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү үчүн казынадан 500 млн. сомдон бөлүп туруу чечимин кабыл алган. 2022-жылы казынадан каражат жыл соңуна жакын бөлүнүп, аны толук ишетүүгө жергиликтүү бийлик жетишпей калган. 2023-жылы облуска 542 млн сомго жакын каражат бөлүндү. 2024-жыл үчүн азырынча каражат бөлүнө элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG