Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Социалдык мекеме тургундарынын тамак-аш акчасы 100% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карамагындагы социалдык стационардык мекемелерде убактылуу жана туруктуу жашаган адамдардын тамак-ашына бөлүнгөн акча 1-январдан тарта эки эсе көбөйгөнүн маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы 9-февралда тараткан маалыматка ылайык, жаңы жылдан тартып:

- ден соолугунан майыптыгы бар улгайган адамдарга, чоңдорго жана психоневрологиялык оорулуу чоң адамдардын бир күндүк тамагына 200 сом;

- психоневрологиялык оорулуу балдарга күнүнө 220 сом төлөнөт.

Мамлекеттен каржыланган 17 социалдык стационардык мекемелерде 9-февралга карата 2352 адам багылууда. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калгандары психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден көп. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап- баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.

6-декабрда социалдык тармактарда Кадамжайдагы социалдык стационардык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды мекеменин кызматкери сабап жаткан тасма тарагандан кийин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мындай зомбулуктардын алдын алуу үчүн бардык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуларын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG