Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Президент Садыр Жапаров элди санарипке өтүүгө чакырды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине 10-феварлда курган маегинде санариптештирүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып, кыргызстандыктарды санарипке өтүүгө чакырды.

Мамлекет башчы чукул арада өкмө толугу менен электрондук форматка өтөрүн белгилеп, ошол эле учурда эки жылдан берки талабы толугу менен ишке ашпай жатканына кейиген.

"Кумтөр” сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун, Кырдаалдык борборду ушул жерден эле онлайн режимде түздөн-түз көрүп турам. Мунун артыкчылыктары ушунда. Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Өкмөттө иштегендердин баарына “кагазды унуткула, санарипке өткүлө” деген талапты эки жылдан бери коюп келатам. Тилекке каршы, айрым министрликтер эмдигиче толук өтө алышпай, аксап келатышат", - деди президент.

Садыр Жапаров ошого карабастан, өкмөттүн чыгымдары былтыр мурунку жылга караганда эки эсе азайганын, бул өкмөттүк мекемелердин жарым - жартылайы санарипке өткөнү үчүн болгонун белгилеген.

Мамлекет башчы жалпы эле кыргызстандыктарда да санарипке текши өтүүгө чакырып, анын артыкчылыктарын санап берген.

"Түндүк” түйүнүнө катталып ал да, үйүңдө олтуруп эле каалаган маалымкатыңды ала бер. Үйүңдө олтуруп эле коммуналдык кызматтардын акысын компьютер же смартфонуң аркылуу төлөп коё бер. Буга азыр бардык шарттар бар. Болгону элибиз өздөрү бир аз аракет кылып коюшу керек. “Түндүк” түйүнүнө катталып алышса, аны колдонгонду тез эле үйрөнүп алышмак".

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине тез-тез интервью берип, дүйнөдөгү, өлкөдөгү окуяларга пикирин билдирип келет.

Өтүп бараткан жумада айрым эл аралык уюмдардын кайрылууларына жооп иретинде Кыргызстандагы демократиянын абалы, сөз эркиндиги тууралуу маек курган. Ага чейин бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда журналисттердин жапыр кармалып, камалышына, Жогорку Кеңеште каралып жаткан ЖМК тууралуу мыйзамдын, "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам долбоорлору боюнча кабатырлыгын билдирип, бийликке кайрылуу жолдошкон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG