Газа тилкесиндеги Рафах шаарына Израил армиясынын (ЦАХАЛ) ишембинин таңында урган соккуларынан кеминде 44 палестиндин, анын ичинде ондогон баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.
Израилдин коңшулары жана Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу болуп жаткан өлкөлөр эгер Израил армиясы Рафахта операция башталса анын кесепети оор болорун эскерткен. ЦАХАЛ анклавдын түштүгүндөгү Египет менен чектешкен бул шаарда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдиктер тероорду деп таанылган) радикал тобунун таяныч борборлору жайгашкан деп санайт.
Ага чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскердик операцияны баштоодон мурун шаардан жүз миңдеген тургундарды эвакуациялоону пландоону армияга тапшырганан билдирген.
Нетаньяху аскердик операциянын мөөнөтүн так айткан эмес жанан анын мындай билдирүүсүнөн кийин эл дүрбөлөңгө түшкөн.
Төрт айдан ашуун блокадада калган Газанын 2.3 миллион калкынынын жарымынан көбү Рафахтын аймагында баш калкалап турат. Алардын басымдуусу ЦАХАЛдын эвакуация тууралуу буйругунан кийин үй-жайын таштап качып келгендер. Эми бул качкындар кайда барып түнөк табары белгисиз.
Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн кишини барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек.
ЦАХАЛ Газага согуш жарыялап, аскердик операциясын баштаган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карай 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын билдирди. Согушта ар кандай жараат алгандар 67 миңден ашты. Газа тилкесинин калкынын 80% жер которууга мажбур болду.