11-февралда Иранда 1979-жылы ишке ашкан Ислам революциясынын 45 жылдыгын Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган маалда белгилешти. Газа тилкесинде Израил менен ХАМАСтын (АКШ мнен Евробиримдикте террордук теп таанылган) төрт айдан ашуун согушу жалпы эле чөлкөмдөгү геосаясий кырдаалга таасирин тийгизип жатат.
Миңдеген ирандыктар желектер, үйлөнгөн шарлар, революциялык жана диний чакырыктар илинген көчөлөрдө жүрүш жасашты. Тегеранда «Америкага өлүм!» жана «Израилге өлүм!» деген жазууларды көтөрүп өтүштү. Чоң шаарларда күчөтүлгөн шартта коопсуздук чаралары көрүлдү.
Бир ай мурун Керман шаарында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун кандуу чабуулунда бери дегенде 95 киши набыт болгон.
1979-жылы Иранда дүйнөдөгү геосаясатты өзгөрткөн Ислам революциясы болгон. Монархияны кулаткан бул революция катаал ислам мыйзамдарына таянган мамлекеттик түзүлүштү түптөгөн.