Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Орусияда мигранттарга пенсия тууралуу маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 9-февралда Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү менен кыргыз диаспораларынын мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кыргызстандыктарга пенсия алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган коомиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова пенсия менен камсыздоо кеңири маалымат берди.

Өмүрбекова ЕАЭБ алкагында эмгекчилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоонун жол-жобосу, биримдикке мүчө мамлекеттердин пенсия чегерүүдөгү айырмачылыктар тууралуу да айтып берди.

Тараптар кыргызстандыктар келечекте пенсия алышы үчүн Орусиянын аймагында мыйзамдуу иштөөсү зарыл экенин эскертишти.

Кыргызстандын Социалдык фондунун маалымдашынча, 2021-жылдан бери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн 60 жаранына пенсия чектелген. Анын ичинен 51и Орусиянын, сегиз адам Казакстандын жана бир киши Беларустун жарандары. Алар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыккан.

Ошол эле кезде Орусия Кыргызстандын 33 жаранына пенсия чектеп берген.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишими 2021-жылы күчүнө кирген. Ошондон бери биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар өз өлкөсүндө пенсияга чыкканда, алардын чет жактагы эмгек тажрыйбасы эсепке алынып, кошумча пенсиялык төлөм чегериле баштаган.

Документте мигрант чет жактагы пенсиясын кошо алыш үчүн ал өлкөдө кеминде 12 ай мыйзамдуу иштеп, Пенсиялык же Социалдык фондго тиешелүү төлөмдөр которулуп турушу керектиги көрсөтүлгөн. Төлөмдөр Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлөт.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG