Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

Эгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келин энелик укуктан ажыратылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шек саналып жаткан келин энелик укуктан ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирип, мындай чечимди 7-февралда Араван райондук соту чыгарганын маалымдады.

Сотко келинди энелик укуктан ажыратуу арызын 2023-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура берген.

Былтыр 6-ноябрда эки жашар наристелерин сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тарап, 8-ноябрда Ош облустук милициясы 21 жаштагы келинди кармаган. Кыздар кийин өз атасына өткөрүлүп берилген.

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза мекемесинин кызматкерлери кыздардын көк ала денесинен көптөгөн тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү камакка алынган келин менен жолугуп чыгышкан. Ал жарандык никедеги күйөөсүнүн бир туугандарынын, кайненесинин кордугунан улам ачуусун кыздарынан чыгарып келгенин айтып берген.

Бул окуя боюнча келинге Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен иш козголгон. Анын экинчи жолдошунун апасына “Кылмышка кошо катышуу” жана “Уруп-сабап кыйноо” беренелери боюнча айыбы угузулуп иш сотко жиберилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG