Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Эгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шек саналып жаткан келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз бергенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул окуя боюнча кыздардын апасы Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен иш козголуп, кармалган. Келиндин экинчи жолдошунун апасына “Кылмышка кошо катышуу” жана “Уруп-сабап кыйноо” беренелери боюнча айыбы угузулуп иш сотко жиберилген.

“Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат”, - деп айтылат маалыматта.

6-ноябрда эки жашар наристелерин сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тарап, 8-ноябрда Ош облустук милициясы 21 жаштагы келинди кармаган. Кыздар кийин өз атасына өткөрүлүп берилген.

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза мекемесинин кызматкерлери кыздардын көк ала денесинен көптөгөн тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү камакка алынган келин менен жолугуп чыгышкан. Ал жарандык никедеги күйөөсүнүн бир туугандарынын, кайненесинин кордугунан улам ачуусун кыздарынан чыгарып келгенин айтып берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG