Орусияда апелляциялык аскердик сот социолог жана саясат талдоочу Борис Кагарлицкийдин жаза чарасын катаалдатты. Айыппул төлөөнүн ордуна эми ал жалпы тартиптеги колонияда беш жыл отурушу керек деген өкүм чыкканын бүгүн 13-февралда РИА Новости билдирди.
Сот прокурордун Кагарлицкийди камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырып, аны сот залынан кармап кетишти. Прокурор социолог банкрот болгону тууралуу кылмыш иш ачылганын, андыктан ал айыппул төлөй албастыгын жүйө келтирди. Кагарлицкий мамлекеттик айыптоочунун бул айтканын четке кагып, айыппулду төлөп койгонун айтты.
Былтыр 12-декабрда Батыш округдук аскер соту Коми республикасында көчмө жыйын өткөрүп, Кагарлицкийди "интернеттеги терроризмди актаган" деген негизде күнөөлүү деп таап, 600 миң рубль айып салган жана интернет-ресурс ачуу, башкаруу укугунан эки жылга ажыратуу чечимин чыгарган.
2022-жылдын октябрь айында социолог Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин курган Керч көпүрөсүнө жасалган кол салуу тууралуу кабардан кийин Телеграмга пост жазган. Ал бул соккунун аскердик маанисин түшүнүп турганын билдирген.
65 жаштагы Кагарлицкий өзү бул комментарийи менен мыйзам бузбаганын айтып келет. (RK)