Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Ички иштер министрлиги блогер Али Эргешев кармалганын ырастады


Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.
Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы эркин блогер Али Эргешев кармалганын ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, аны 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.

Министрлик ал 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык, камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын маалымдады.

Мунун алдында Али Эргешев Инстаграмдагы баракчасына видео, фото жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын айткан.

Видеодо ал “күч органдары ал издөөдө жүргөнүн билдирип, эл аралык “Манас” аэропортунан кармаганын”, “бул анын ишмердиги менен байланыштуу экенин, эч кандай мыйзам бузбаганын” кошумчалаган.

Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал Кыргызстандагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келген. Ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат.

Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG