Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Кыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон.

Быйыл мындай төрт факты катталды. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.

12-февралда 36 жаштагы келин Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон. Анын жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяга байланыштуу аталган райондук оорукананын директору, анын дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым кызматтан бошотулганын билдирди. Аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болорун кабарлаган. (BTo/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG