Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетип, 104-орунду ээледи


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. 22-январь, 2024-жыл. Катар.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. 22-январь, 2024-жыл. Катар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу.

15-февралда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентине, Франция жана Англия турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы эки тепкич өйдө көтөрүлүп 66-орунга, Тажикстан позициясын жети баскычка жакшыртып 99-орунга илинди. Казакстан 100-орунга жазылып, буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.

Кыргызстандын курамасынын рейтингде ээлеген ордунан төмөн түшүшүнө Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюну негиз болду. Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген.

Бул мелдештен кийин 29-январда Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол бирлигинин президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG