Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Казакстанда каракалпак активисти Акылбек Муратбай кармалды


Акылбек Муратбай.
Акылбек Муратбай.

Казакстанда каракалпак активисти Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) кармалганын бүгүн 16-февралда Алматынын полиция департаменти тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр өлкөнүн Башкы прокуратурасы аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселесин карап жатат.

«Алматы шаарынын полиция кызматкерлери Өзбекстандын жараны, эл аралык издөөдө жүргөн Акылбек Муратовду кармашкан. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилген. Казакстандын Башкы прокуратурасы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери тууралуу конвенцияга ылайык, Өзбекстандын полициясы издөө салган Акылбек Муратовду экстрадициялоо маселесин карап жатат, — деди «Азаттыкка» Алматынын полиция департаментинин маалымат катчысы Салтанат Азирбек.

15-февралдын кечинде Акылбек Муратбай X социалдык түйүнүндөгү баракчасына анын үйүнө күч кызматкерлери келгенин жазган, кийин активистти кармап ктеишкени белгилүү болгон.

Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан Freedom for Eurasia («Евразия үчүн эркиндик») эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигине кайрылып, Акылбек Муратбайды бошотууга чакырды.

Укук коргоочулардын айтымында, активистке Өзбекстанда коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды даярдоого, жайылтууга жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу деген мүнөздөгү айыптар тагылууда.

Акылбек Муратбай Алматыдагы каракалпак диаспорасынын башчыларынын бири катары белгилүү, ал каракалпак активисттеринин укугун коргоо менен алектенип келет.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG