Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Үч жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу алты дарыгерге сот өкүмү чыкты


Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бир жарым жыл мурда дарыланууга келип, чарчап калган баланын өлүмү боюнча алты дарыгерге сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу 16-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 13-ноябрында үч жашар наристе ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына, андан соң Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жеткирилип, ошол жакта дарылоо учурунда чарчап калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгында ошол жылдын аягында сөз болуп жаткан эки оорукананын алты кызматкерине айып тагылып, бешөө камалып, бирөө үй камагына алынган.

2023-жылдын 5-январында Бишкектин Ленин райондук соту калган беш дарыгерди да үй камагына чыгарган. Аталган сот иштин өзүн бир жылдан ашыгыраак карап, 2024-жылдын 15-февралында өкүм чыгарды.

Ага ылайык, А.Г.Э., М.К.Б., Э.А.А. аттуу дарыгерлер алардын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси – “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси боюнча акталды.

К.Б.Б. аттуу дарыгер ушул эле берене менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле эки жылга чейин саламаттык сактоо тармагында иштөө укугунан ажырады.

И.Р.О. аттуу дарыгер жогоруда айтылган берененин экинчи бөлүгү жана аталган кодекстин 346-беренесинин 1-2 бөлүгү – “Кызматтык жасалмачылык” боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга кесилди. М.Ж.М. аттуу кызматкер 146-берене жана 346-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жыл абакка камоо чечими чыкты. Булар андан соң эки жыл кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынды.

Сот Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 75 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыс мыйзамына ылайык, жазага тартылган дарыгерлер К.Б.Б., И.Р.О. жана М.Ж.М. эркинен ажыратуу жазасынан бошотулду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG