Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Наристенин өлүмү: Дарыгерлердин кармалышы реформа маселесин козгоду


Балдарды карап жаткан медициналык кызматкерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Балдарды карап жаткан медициналык кызматкерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук соту үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган дарыгерлерди үй камагына чыгарды.

Бул окуя кыргыз медицинасындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, тармакты реформалоо маселесин козгоду.

Беш дарыгер үй камагына чыкты

5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун камактагы беш кызматкеринин бөгөт чарасын өзгөртүп, аларды үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Чынара Жакупбекова билдирди. Алар 28-декабрдан бери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган. Мыйзам боюнча шектүүнүн бөгөт чарасы беш күн калганда өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылышы керек же камактагы мөөнөтү узартылат.

Кыргыз коомчулугун жана дарыгерлерди дүрбөлөңгө салган окуя тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова “Азаттыкка” комментарий берди. Ал тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, анын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айта албай турганын билдирип, медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги жана аларга шарт түзүп берүү аракети боюнча буларды билдирди:

“Медицина кызматкерлери азыр өз ордуларында иштеп жатат. Биз дарыгерлер бейтап ооруканага келгенден баштап анын ден соолугу үчүн кам көрүшүбүз керек. Дарыгерлердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча дайыма иштеп атабыз. Мен ар бир жыйында бейтапты жакшы карап, анализин туура койгула деп айтып жатам. Кадрларды жакшы даярдап, аларды заманбап имарат, медициналык каражат менен толук камсыздап турсак, тейлөө да жакшырат”.

Гүлнара Баатырова былтыр медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөнүн, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 37 млрд. сом деп бекитилгенин кошумчалады.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө албай каларын, бирок бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракетин көрөрүн билдирген.

Мекеме дарыгерлер иш таштап же жумуштан кеткиси келип жатканы тууралуу сөздөр айтыла баштаганын эскертип, медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды.

Ошондой эле наристенин өлүмү сыяктуу окуялардын кайталанбашы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилгени кабарланды.

Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуунунун жетекчиси Бермет Барыктабасова окуя тууралуу буларга токтолду.

“Биз бул иш боюнча президентке, прокуратурага, Жогорку сотко жана коомчулукка кайрылуу кылдык. Медицина коомчулугу клиникалык калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылат. Дарыгерлер боюнча ички иликтөө жүргүзүлүп, медициналык жыйынтык чыкмайынча аны укук коргоо органдары текшергени туура эмес”.

Окуянын чоо-жайы

Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, былтыр 14-ноябрда шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасына баланын сөөгү келгени тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөдө ашказаны ооруган баланы 13-ноябрда эртең менен алгач Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына алып барышканы, андан соң ал Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, кечке жуук чарчап калганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгында сөз болуп жаткан эки оорукананын алты кызматкерине айып тагылып, бешөө камалып, бирөө үй камагына алынган.

Дарыгерлерге коюлган берене боюнча шектүүнүн күнөөсү далилденсе, айып салынат же беш жылга чейин абакка кесилет.

Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип дарыгерлердин бири балага сайылган дарынын дозасын ашырып жибергенин, бейтап ооруканага түшкөндө Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун кезметтеги кызматкери ордунда болбогонун жазды.

Экинчи тарап азырынча комментарий бере элек.

Реформа жана дарыгерлердин пикири

Наристенин өлүмү жана дарыгерлердин кармалышы кыргыз медицинасындагы көйгөйлөрдү күн тартибине алып чыкты. Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев соңку окуя боюнча социалдык тармактарга пикирин жарыялады.

“Анык-бышыгын билбей туруп дарыгерлерди дароо абакка отургузуу туура эмес. Аларга болгон мындай мамиле беш дарыгерге эле эмес, жалпы мен дарыгер дегендердин баарынын намысына тийди. Эгерде жакшы иликтебей эле чечим чыгара берсе, анда жарым жылда хирургдардын 30% камалып кетет. Ал эми чын эле дарыгерлердин күнөөсү далилденсе анда алар жазасын алсын”.

Президент Садыр Жапаров былтыр медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамындагы куттуктоосунда мамлекет медиктердин кадыр-баркын жогорулатууга аракет кылат деп убада берген.

“Кыргызстанда ушундай чыр-чатак болгондо эле медицина кызматкерлеринин көйгөйү көтөрүлүп калат. Ага чейин сөз да болбойт. Кийин болсо баары унутулат. Бул тармакка канча жылдан бери көрөгөч, менежер жетекчи келбегендиктен, реформа да жок. Реформа деген бир оорукананы экинчисине кошуп, бир дарыгерди башка мекемеге жетекчи кылып которуу эмес да. Реформа – саламаттык сактоо системасын элге жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып түзүп берүү”, - деди мурдагы саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева.

Кыргызстанда медицинанын абалы 2020-жылы коронавирус жапырт жайылып, адамдар боо-боо түшүп каза болгон учурда да катуу көтөрүлгөн. Кыргыз бийлиги вирус тармактагы көйгөйлөрдү даана көрсөткөнүн, аны чечүү аракети көрүлөрүн убада кылган.

Терапевт Эрмек Исмаилов медицина тармагындагы маселелер боюнча пикири менен бөлүштү.

“Кыргызстанда дарыгерлердин статусун көтөрүш керек. Ал өзүн коопсуз сезбегендиктен, көп учурда бейтапты ары-бери жөнөтүп жоопкерчиликти албоого аракет кылышат. Акыркы окуядан кийин алар абалы оор бейтаптарды алуудан качып калышса керек. Экинчиден, Бишкекте балдардын бейтапканалары аз. Борбордо балдардын үч эле ооруканасы бар. Алар убагында Бишкектин аз эле тургунуна ылайыкташылган. Азыр борбордо киши көп. Бейтаптарды тейлеп жетишпейт. 2020-жылдан бери министрлер эле алмашканы болбосо берилген убадалар аткарылган жок”.

Кыргызстанда 71 миңдин тегерегиндеги медицициналык кызматкер иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG