Ооганстандын чыгыш аймагында 19-февралга караган түнү тынымсыз жааган кар аралаш жаандын кесепетинен көчкү жүрүп, кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү тургундарга жана бийликтеги «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнө таянып билдирип жатышат.
Кырсык Нуристан провинциясындагы Нурграм районунда болгону, каза тапкандардын көбү аялдар жана балдар экени, 25 үй талкаланганы маалымдалды.
Узакка созулган кургакчылыктан кийин башталган тынымсыз жаан-чачын Ооганстандагы ондогон жылдардан бери ансыз да курчуп турган гуманитардык абалды ого бетер оорлотууда. (RK)