Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Орусия Авдеевкадагы ири ишкананы ээлегенин жарыялады


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинадагы ири ишканалардын бири – Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы кокс-химия заводун толук өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин 19-февралдагы маалыматында айтылгандай, «Центр» аскерлер тобу чабуул жасап, заводго да, ишкананын тегерегиндеги аймакка да толук көзөмөл орнотушту.

Заводдун үстүнө Орусиянын желеги илинген сүрөттөр жарыяланды.

Украина аскерлерин Авдеевкадан толук чыгарып кеткенин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский 17-февралга караган түнү жарыялаган.

Ал эми 19-февралга караган түнү Орусия Украинанын Запорожье аймагына жакын тилкеде чабуулдарын дагы күчөткөнүн, бир нече жолу басып алуу аракети болгонун Украинанын аскердик мекемеси билдирди. Бул аймакта орустардын чабуулу 17-февралда көбөйгөн, миңдеген үй электр жарыгысыз калган.

Авдеевка Украинанын Орусия колдогон жикчилер 2014-жылдын жазында басып алган Донецк аймагына жакын жайгашкан, калкы 30 миңдей чакан өнөр жай шаары болчу. Ошондон бери шаар Украинанын көзөмөлүндө болуп келди. Ал эки тарап үчүн тең маанилүү саясий жана аскердик мааниге ээ. Орусия Донецкинин ээлеп алган жерлеринде аскерлери Украинанын артиллериялык чабуулдары алдында калбашы үчүн украин топторун шаардан сүрүп чыгаруу аракетин токтотпой келди.

2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш баштаган күндөн тартып орус аскерлери Авдеевканы басып алууга бир нече жолу аракет кылышкан. Бул шаарга соккуларын былтыр күзүндө күчөткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG