Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында былтыркыга караганда быйыл ыш кескин азайганын, бул тийиштүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин айтты.
Бул тууралуу Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Төрөбаев абаны тазартууга арналган иш-аракеттерди мындан ары да күчөтүүнү тапшырды.
Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кыш жылуу болду.
Былтыр мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктар берилген. Ага ылайык, мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлөрү белгилүү болгон. (TSh)