Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

"Орусия баштаган согуштан Украинанын карапайым эли эбегейсиз азап чегүүдө"


Орусиянын соккусунан үй-бүлөсүн жоготкон аял. Харьков, 12-февраль 2024-жыл
Орусиянын соккусунан үй-бүлөсүн жоготкон аял. Харьков, 12-февраль 2024-жыл

Орусиянын эки жыл мурун баштаган согушунан Украинанын карапайым эли эбегейсиз азап чегүүдө. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 22-февралда жасаган билдирүүдө согушта он миңдеген кишинин өмүрү кыйылганы жана жарадар болгону, миллиондогон киши жер которгону, ыдык көргөнү белгиленет.

Түрк БУУнун Украинадагы адам укуктарына байкоо салган миссиясына (HRMMU) шилтеме менен бөлүшкөн маалыматка караганда, 10 582 кишинин каза тапканы, 19 875 жарадар болгону тастыкталган. Реалдуу сандар мындан көп болушу мүмкүн экени айтылат.

Андан тышкары HRMMU орус аскерлери жайкын украиналыктарды кыйнаган, туш келди кармаган, сотсуз атып салган, уурдаган, адам укуктары бузулган башка учурларды каттаган.

Ал арада БУУнун Миграция агенттиги 14,6 миллион киши же украин калкынын 40% гуманитардык жардамдын эсебинен күн көргөнүн, чет жактарда башпааналаган качкындарга да көмөк зарыл болгонун билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 2,2 миллиондой киши Украина менен коңшулаш өлкөлөрдө башкалкалап жатат. Ал эми глобалдык алкакта украин качкындарынын саны 6,5 миллионго жетет. 3,7 миллионго жакын жай тургун өлкө ичинде жер которууга мажбур болду. Үй-бүлөлөр бөлүнгөн, балдар үй жайсыз калган учурлар да көп, - деп белгилеген агенттик эл аралык коомчулукту карапайым украиналыктарга жардамды көбөйтүүгө чакырды.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында жок жерден коңшу өлкөсүнө басып кирген.

 

XS
SM
MD
LG