Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

"Чет элдик өкүл" мыйзамы экинчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Долбоорго 64 депутат “макул” болсо, беш депутат - Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Көкүлов жана Элвира Сурабалдиева “каршы” добуш берди.

Парламент отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса, билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев берген сунуштары эске алынбагандыктан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартканын билдирди.

Башында Надира Нарматова жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Кийин демилгечилердин айрымдары андан баш тартып жатып, азыр 18 депутат автор болуп калган.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Башта Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салган.

Бекешевдин суроосу, Нарматованын жообу

Дастан Бекешев Надира Нарматова негизги автор болуп сунуштаган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунда өкмөттүк эмес уюм кайсы мамлекеттен каржыланбасын “чет элдик өкүл” деп аталып каларын айтты. Ошону менен катар Бекешев Нарматовага суроо берди:

"Журналисттер Надира Азимовна өзү "чет өлкөлүк агент" деп жатышат. Анткени анын имараты Орусиянын Ош шаарындагы консулдугуна ижарага берилген деп жатышат. Бул канчалык чын же калп?", - деди Бекешов.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады.

“Бул мыйзам менин жеке жашоомо тиешелүү эмес. 10 жылдан бери биз кеч калдык. 10 жыл мурда кабыл алганыбызда ушундай кычык суроолор, мамлекеттин ичиндеги чыккынчылар, саткынчылар жок болот эле. Бул мамлекеттин коопсуздугу, мамлекеттин тынчтыгы, мамлекеттин эгемендиги үчүн кабыл алынып жаткан мыйзам. 2009-жылы насыяга алган имаратка ушул күнгө чейин насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Кыргызстандын катардагы жараны катары мен ижарага бергем. Ал имаратты орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам боюнча эки тараптуу келишим Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген”, - деди ал.

“ПолитКлиника” медиасы 2022-жылы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат Надира Нарматовага таандык экенин жазган. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланган.

Дастан Бекешевдун айтымында, “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамы кирсе кесепети оор болот.

"Менимче, бул мыйзам долбоору экономикага бир топ эле терс таасирин тийгизет. Аны биз бир жылда өзүбүз эле көрөбүз. Анын зыянын бизнес да көрөт. Анткени бейөкмөт уюмдар аркылуу канча деген долбоорлор, билим берүү, айыл чарба тармагындагы иштер бар. Ошон үчүн урматтуу депутаттар мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Каршы добуш берүүгө чакырам".

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

Бул жолу депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Элдар Абакиров, Нуржигит Кадырбеков бул мыйзам долбоору кабыл алынса, билим-илим тармагындагы уюмдардын ишин чектеп калаарын эскертишти.

"Эрдик кылсаң сүрө кыл" дейт. Бир жолу артка кайтарып, бир маанилүү беренени алып жатабыз. Дагы бир сөз кошуп койсок жакшы болмок. Бул мыйзам социалдык багытта иштегендерге, диний уюмдарга, маданий тармактарда иштегендерге тиешеси жок деген жерге билим мекемелерине дегенди кошуп коеолу. Анткени биздеги мамлекеттик окуу дайлар да грант алат. Тигил же бул эл аралык уюмдан, структуралардан каражат алат. Экинчиден, кээ бир чет өлкөлүк донорлор Кыргызстандагы кыйналып жашап жаткандардын бала-бакырасына окутканга да акча берген учурлар бар. Алар кандай болот?" Мен өзүм да чет өлкөдө - Жапонияда 100 пайыз грант алып окуп келгем. Ушуга окшогон маселелерде кыйынчылык жаралат" , - деди Нуржигит Кадырбеков.

Мыйзамда чогулуштар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр же пикеттер түрүндөгү, же бул формалардын ар кандай айкалышкан түрүндөгү коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу, коомдук дебаттарды, дикуссияларды, баяндамаларды уюштуруу жана өткөрүү "саясий иштин формалары" катары бааланат.

Депутат Гуля Кожокулова ушул суроону көтөрдү:

"Саясий ишмердик түшүнүгү дегенде коомдук дебаттарды уюштуруу жана өткөрүү деп жүрөт. Эгер шайлоо өтүп, саясий дебаттар болсо, президенттикке, депутаттыкта талапкерлер эмне кылат? Бул жакта ага тыюу салынып жатат. Мыйзамдар бири-бирине каршы келбеши керек да".

Бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Саясий ишмердикке эмнелер кирет?

Эгер мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга төмөндөгү иштерди кылганы үчүн жоопкерчилик каралат:

Коммерциялык уюм, эгерде анын уюмдаштыруучу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарына жана милдеттерине карабай, ал мамлекеттик көз карандысыз, органдар жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө багытталган алардын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке катышкан болуп таанылат.

Саясий иш - мамлекеттик түзүлүштү калыптоо, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүмүнүн негиздерин коргоо, эгемендүүлүктү коргоо жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, мыйзамдуулукту, укук тартибин, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту, коргонууну, тышкы саясатты, социалдык-экономикалык жана улуттук өнүгүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш.

Саясий иштин формалары төмөнкүлөр:

- чогулуштар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр же пикеттер түрүндөгү, же бул формалардын ар кандай айкалышкан түрүндөгү коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу, коомдук дебаттарды, дикуссияларды, баяндамаларды уюштуруу жана өткөрүү;

- шайлоодо, референдумда белгилүү бир натыйжа алууга багытталган иштерге, шайлоолорду, референдумду өткөрүүгө мониторинг жүргүзүүгө, шайлоо комиссияларын, референдум комиссияларын түзүүгө, саясий партиялардын иштерине катышуу;

- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ачык кайрылуулар, ошондой эле бул органдардын ишине таасир этүүчү, анын ичинде мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук, актыларды кабыл алууга, өзгөртүүгө, жокко чыгарууга таасир этүүчү башка аракеттер;

- мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жана жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө пикирлерди жайылтуу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен жайылтуу;

- коомдук-саясий көз караштарды жана ишенимдерди калыптандыруу, анын ичинде коомдук пикирди сурамжылоо жана алардын жыйынтыктарын жарыялоо же башка социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу;

- бул иштерге жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди тартуу.

Саясий ишке илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык жактан колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энеликти жана баланы коргоо, сергек жашоо образын, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоо, флораны жана фаунаны коргоо иштери, ошондой эле кайрымдуулук иштери кирбейт, - деп жазылган.

Коомчулуктун реакциясы

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон бул документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

"Адилеттин" жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова бүгүн экинчи окуудан өткөн бул долбоор дагы одоно жана сабатсыз жазылганын белгилеп, Конституциялык сотту жана юристтерди буга реакция жасоого чакырды.

“Сунушталып жаткан мыйзам Баш мыйзамга жана башка укуктук нормативдик актыларга каршы келет. "Чет элдик өкүл" мыйзамы керек болуп атса, анда Жогорку Кеңеш кесипкөй юристтерди чакырып, иштешип, мыйзам жазып чыгышсын. Эл аралык уюмдар, керек болсо бүт дүйнө Нарматованын долбоору боюнча билдирүү таратып, тынчсызданып атат, себеби мыйзам одоно, сабатсыз жазылган. Колдоп, кол көтөрүп аткан депутаттар жок дегенде жай отуруп, мыйзамды өз көзү менен окуп чыгышы керек. Алар кеңешчинин эле сөзү менен сүйлөп атат. "Чет жерден каржы алып жаткандардын баары ошол тараптын таламын талашат, мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуусуна аралашпасын" деп атат. Анда ошол эле мамлекеттик мекемелер, министрликтер да грант албасын. Ошол эле Жогорку Кеңеш, Юстиция министрлиги донорлордун колдоосун пайдаланып келет. Бул мыйзамдын логикасы кайда? Баш мыйзамды тебелеген мыйзам бул. Мен бейөкмөт уюмдун өкүлү катары депутаттарга, президенттерге кайрылуу укугуман ажыратылат экенмин. Ушунтип да мыйзам жазса болобу? Өлкөбүздө өз ишин так билген кесипкөй адамдар жокпу? Конституциялык сот бар, конституциялык укук боюнча адистер бар. Мына ошолор кеңешин берип, Баш мыйзамга туура келбестиктерди алып салсын. Ошондо Нарматованын мыйзамынан эч нерсе калбайт, актай барак гана калат. Себеби, ал толугу менен Баш мыйзамга карама-каршы келет", - деди Жакупова.

Ал эми Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери саламаттык сактоо, айыл чарба, билим берүү тармагындагы бир топ көйгөлөр жана айыл жергесиндеги айрым инфраструктуралык маселелер чет элдик уюмдардан алынган каражат, гранттар менен чечилгенин айтты.

Мыйзам долбоору кабыл алынса бир катар долбоорлорго кедергисин тийгизе турганын кошумчалады.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

“Биз бул тармактардагы маселелердин баарын эл аралык уюмдарга тапшырып койгонбуз. Кандайдыр бир жаңылануу чет элдик гранттардын жардамы менен ишке ашып келген. Ишкердикти өнүктүрүү багытында аймактарда бир гана эл аралык уюмдар иштеп, жаш ишкерлерди колдоп, жол көрсөтүп келген. Ошол эле саламаттык сактоо, билим берүү гранттардан көз каранды. Аларга донор уюмдар эбегейсиз жардам берет. Эми ошол жардам берген, балдарды окуткан, чакан ишкерликти өнүктүргөн тараптарды “шпион” деп атап атабыз. Орусияны туурайбыз деп жаманатты кылдык, кодуладык. Эми жакырчылык тереңдеп, көйгөйлөр көбөйөт. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынып жатышы бизди башкарган президенттен тарта, депутатка чейин өлкөнүн чыныгы абалын билбегендигинен кабар берет”.

Эл аралык уюмдардын чакырыгы

Ал арада Transparency International эл аралык уюму Кыргызстандын парламентин бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Уюмдун сайтындагы соңку билдирүүдө “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы өлкөдө ансыз да кысымга кабылган жарандык коомду, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө алып келери айтылат.

Уюм сунушталган мыйзам долбоору кыргыз бийлигинин адам укугу, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү тендециясынын күчөтүп жатышынын бир бөлүгү катары кабыл алынарын белгилеген. Буга белгилүү активисттердин, журналисттердин камакка алынышын мисал келтирген.

Уюмдун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча регионалдык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова Кыргызстан бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун чакырытып алуу керек экенин айтты:

“Сунушталып жаткан мыйзам Кыргызстандын адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт. Эл аралык коомчулуктун сын пикирине карабастан өлкөнүн чечим кабыл алуучу өкүлдөрү коркунучтуу программаны киргизүүгө аракет кылып жатат. Бул документ жарандык коомго коркунуч туудурат, ошондуктан кабыл алынбашы керек”, - деди Мырзабекова.

21-февралда Human Rights Watch (HRW) уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Кыргызстанда сунушталып жаткан “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы жана 11 журналисттин камалышы жөнүндө сөз кылып, адам укугунун абалынын начарлап жатышына тынчсыздануусун билдирген.

Бул тууралуу Х (Twitter) баракчасында жазган Уильямсон уюм Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен жолугууга даяр экенин билдирди.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Февралдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.

Мындан көп өтпөй президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин тынчсызданган катына жооп кайтарган. Анда Вашингтондун Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу катында "өлкөнүн ички ишине кийлигишүүнүн белгилери бар" деп белгиленген.

КМШ аймагында ушундай эле мыйзам долбоору өткөн жылы Грузияда сунушталып, жарандык коомдун нааразылык акцияларынан кийин артка кайтарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG