Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Депутат Түмөнбаев Жээнбековдон экс-президент макамын алууну сунуштады


Сооронбай Жээнбеков жана Акылбек Түмөнбаев. Коллаж.
Сооронбай Жээнбеков жана Акылбек Түмөнбаев. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламенттин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Ал Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы бар адамдар мамлекеттик кызматтан алынып жатканын айтып, Сооронбай Жээнбековдун да Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин кошумчалады.

“Райымбек Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер кыргыз мамлекетинин төрүндө мамлекеттин эсебинен жашап атат. Ал - Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болду. Ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев, анын жанындагы Икрамжан Илмиянов колдоп-коштоп аны (ред: Райымбек Матраимовду) жетекчилик кызматка чейин алып келип эч кандай жоопко тартылбай жүрөт. Ушул жерде Сооронбай Жээнбеков саясий аренага алып келип, партия түзүп бергенде канча деген жаштарыбыз митингге чыгып кылкылдап турду. Ошондо бир да сөз айтып койбой, көзү көр же кулагы дүлөйдөй бийлигинен ажырады”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алуу боюнча фракциянын чечими керек экенин жана андан кийин комиссия түзүлө турганын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Акылбек Түмөнбаевдин демилгеси тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары президент болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG