Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Депутат Атазов дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин билдирди


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын айтты. Бул тууралуу ал “өлкөдөн шашылыш чыгып кеткени тууралуу” тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, аны саясатташтырбоого чакырды.

“Буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир тероррист сыяктуу катуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден-соолуктан ким саясат жасап жатат?”, - деп дарылануусу аяктаса өлкөгө кайтып келерин жазды.

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.

Бул окуядан кийин Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

Айбек Осмонов 28-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG