Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

Айбек Осмонов чет өлкөгө ден соолугуна байланыштуу кеткенин айтты


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов 28-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин айтты. Ал чет жакка чыгып кетишинин саясий негизи жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин билдирди.

“Мен депутат болгонго чейин деле жыл сайын февраль айында дарыланам. Былтыр же мурдагы жылды да карап көрсөңөр болот. Быйыл да ушул айда дарыланганы келдим. Төрага менен сүйлөшүп декабрда эле келейин дегем. Бирок “бир аз коё тур” дегенинен февралга жылып калган. Менин бул жакка келгениме бир жума болуп калды. Мени чыгып кетти деп саясат кылыштын кереги жок. Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы ден соолугуна байланыштуу жумуштан уруксат алып кетсе болот”, - деди ал.

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тарады.

Шайлообек Атазов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG