Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:35

Москвада Алексей Навальный жерге берилди


Москвада бүгүн 1-мартта абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный жерге берилди. Маркумдун зыйнаты Марьино районундагы храмда өттү, сөөгү Борисовское көрүстөнүнө коюлду.

Коштошуу иш-чарасына Навальныйдын ата-энеси, туугандары, жакындары киргизилди. Мындан тышкары аны менен коштошууга баргандар, храмдан көрүстөнгө чейин колуна гүл кармап, жөө басып баргандар он миңдеп саналарын маркумдун санаалаштары билдиришти.

Жол боюнда, көрүстөндүн тегерегинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, полиция кызматкерлери, атайын автомашиналар топтолуп, темир тосмолор коюлган.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG