Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 30 киши кармалды


Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу. Москва. 2024-жылдын 1-марты.
Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу. Москва. 2024-жылдын 1-марты.

Москвада, Санкт-Петербургда, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында бүгүн 1-мартта оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды эскерүү акцияларында кеминде 30 адам кармалды.

Москвада, Avtozak телеграм-каналынын маалыматына караганда, кеминде төрт адам кармалды.

"Люблино" метро станциясында, "ОВД-Инфо" билдиргендей, "Парнас" партиясынын башчысынын мурдагы орун басары Михаил Шнейдер кармалды. Полиция ал издөөдө жүргөн бир кишиге окшош болгону үчүн кармалганын айтканын укук коргоочулар кабарлашты. Өткөн аптада Шнейдер Москвада Навальныйды жана тогуз жыл мурда киши колдуу болгон дагы бир оппозиционер саясатчы Борис Немцовду эскерүү иш-чарасын уюштурууну көздөгөн, бирок жергиликтүү бийлик уруксат бербей койгон.

Москвада «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Андрей Моревди жана анын кесиптеши Александр Ефимовду кармап кетип, кийин кайра кое беришкени маалымдалды.

Дагы бир кишини полиция Борисовское көрүстөнүнүн жанынан кармап кетти. Ал «Навальныйды ким өлтүрдү?» деп кыйкырганы айтылды.

Новосибирск шаарында "Сибирьмедиа" жана "Коалиция Новосибирск 2020" телеграм-каналдары маалымдагандай, Навальныйды эскерип гүл коюп жаткан 18 киши, анын арасында шаардык кеңештин депутаты Антон Картавин кармалды.

Екатеринбургда, "Вечерние ведомости" басылмасынын башкы редактору Владислав Постниковдун жазганына караганда, күч кызматкерлери кеминде он кишини гүл коюп жаткан жеринен кармап кетишти.

Санкт-Петербургда полиция Навальныйды эскерип, гүл койгону барган кызды кармап, паспортун тартып алып, полиция бөлүмүнө алып кетишкени маалым болду.

16-17-февраль күндөрү Навальный каза болгону жарыяланганда Орусиянын 36 шаарында эскерүү акцияларында 400дөн ашуун адам, эң көбү Санкт-Петербург шаарында кармалып, кое берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG