Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Байден өкмөттүн жарым-жартылай жабылышын алдын алды


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден мамлекеттик мекемелердин жарым-жартылай жабылышына жол бербөө үчүн чыгымдарга байланыштуу кыска мөөнөттүү чаралар жөнүндө мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу Ак үй 1-мартта кабарлады.

Мыйзам долбоорун бир күн мурда АКШнын демократтар басымдуу Сенаты жактырган. Андан мурдараак республикачылар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасы колдогон. Reuters агенттиги билдиргендей, бул "каржылоону токтотуунун аякташына" 36 саатка жетпеген убакыт калганда болгон.

Шатдаун - каржы жылы аяктагандан кийин Конгресс жаңы жылдын бюджетин беките элек кырдаал. Мындан улам мамлекеттик кызматкерлердин олуттуу бөлүгү ишин токтотууга аргасыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG