Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Бийликти колдоп жүргөн жаран алдамчылыкка шек саналып кармалды


Кылмышка шектүү. Милиция тараткан сүрөт.
Кылмышка шектүү. Милиция тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы алдамчылыкка шек саналып эки жаран кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Ө.Б. жана Ш.Т. атуу жарандар аймактардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштуруп берүүнү убада кылып Т.И. аттуу жабырлануучудан 50 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң жүргөн жерин жашырып кеткен. Шектүүлөр өлкө жетекчилиги менен байланышы бар экенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Ө.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам Бекзат Өмүрбеков экенин жазып жатышат. Ал социалдык тармактарда азыркы бийликти активдүү колдоп жүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG