Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Мектеп директорлорунун сынагы жаңы эреже менен өтөт


Бишкектеги билим майрамы. 2023-жылдын 1-сентябры.
Бишкектеги билим майрамы. 2023-жылдын 1-сентябры.

Кыргызстанда мындан ары мектеп директорлугуна сынактар жаңы эреже менен өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта өлкөдөгү 375 мектептин директорлору милдетин убактылуу аткарууда.

Эми жаңы эреже боюнча директордун бош кызмат ордуна 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбасы бар жарандар катыша алат. Ошол жети жылдын эки жылы ал адам директор же анын орун басары (окуу бөлүмүнүн башчысы) катары иштеген болушу керек.

Директорлукка катышуучу талапкердин жаш курагын 65 жашта болушу керек деген чектөө алынды. Ошол эле маалда бир эле адам мектепти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык (10 жыл) башкара албайт. Сынакка соттолгон адам катыша албайт.

Эң жакшы натыйжага ээ болгон жеңүүчү менен эмгек келишими түзүлгөндөн мурда ага сыноо мөөнөтү берилет.

Өлкөдө эки жерден тест тапшырса болот - Бишкекте жана Ош шаарында.

Сынакта документтердин экспертизасы жана компьютердик тест болот жана ал 80 суроодон турат.

Тесттин үлгүлөрү 4-марттан тартып талапкерлерге берилет.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт.

Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала биринчи ирет аттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG