Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

УКМК медициналык лабораториялар кызмат акысын арзандатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир катар медициналык лабораториялар кызмат көрсөткөн баасын төмөндөтө турганын билдирди. 4-мартта тараткан билдирүүсүндө атайын кызмат лабораториялардын өкүлдөрү менен жолугушууда ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады.

Анда "Бонецкийдин лабораториясы", "Аквалаб", "Евролаб", "Гемотест", "Экспресс-Плюс", "Медикана", "Лазмед клиникасы", Human, "Интер-Лаб" "Интермедикал" жана "Фарватер" лабораториялары барды анализдердин баасын 30% чейин төмөндөтө турган болгон.

“Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр "Юни-Хелп","Лаб-Сервис"," Кокомерен","Юрфа","Эль-Фарм","Медикс-Элес", “Медцентр.кж” “Би-Хелс-Фарм","Эрай-Фарм","Фарватер","Мээр-Чоп","Мирамед жана Ко","БиЛайв","Медитэк","Меди-Прогресс" жана "Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% чейин төмөндөттү”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Юрфа" медициналык борборунун жетекчилиги томографияга тартуу кызматын 20% төмөндөткөнү айтылат. УКМК бул жаатта башка медициналык мекемелер менен да сүйлөшүү жүрө турганын билдирген.

"Бонецкий лабораториясына” мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлеринин жолдомосу менен барган бейатптарга кызмат көрсөтүүлөрдү 50% чейин арзандатуу боюнча да макулдашылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөн жыл соңунда өлкө аймагындагы базарлардагы ижара акыны төмөндөтүү боюнча да иш алып барганын билдирген. Андан соң ижара акыларды ыктыярдуу төмөндөткөнүн айткан бир катар базар ээлеринин видео кайрылуулары интернетке утур-утур жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG