Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Атазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий берди


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган токтом тууралуу комментарий берди.

Ал 6-мартта Фейсбуктагы баракчасына соттун чечими мыйзамсыз экенин жана бул “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын” жазды.

“Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды! Тилекке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферистер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды... Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт?! Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат баарына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады”, - деген Шайлообек Атазов саясий кысымды кимдер кылганын жана кайсы саясий топтор тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Мыйзам бузууларга байланыштуу Шайлообек Атазовдун мандатын алуу өтүнүчү менен сотко Абдурахманхажи Муртазалиев кайрылган. Ал 22-февралда ушундай эле негиз менен Борбордук шайлоо комиссиясына арызданып, БШК аны канааттандырган эмес.

2022-жылы өткөн шайлоодо алдыда келген үч талапкер – Шайлообек Атазов, Абдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Шайлообек Атазов жакында эле ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын, кайра өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG