Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Депутат “Тез заряд” каржы пирамидасына катуу чара көрүүнү талап кылды


Кундузбек Сулайманов
Кундузбек Сулайманов

Депутат Кундузбек Сулайманов соңку мезгилде Кыргызстандын аймагында күчөп кеткен Charge fast - “Тез заряд” деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көп экенин айтып, анын уюштуруучуларына катуу чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 7-марттагы жыйынында билдирди.

Сулайманов компания өлкө аймагында өтө күчтөнүп кеткенин, алданып калган жүздөгөн адамдар кайрылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында, Токтогул шаарында, Ош облусунда, Ысык-Көл облусунда жана башка облустарда жабыр тарткандар ага кайрылганын тактады. Депутат фирманын эсебинде акча каражаты табылганын укканын айтып, аны камакка алып, жабырлануучуларга кайтарып берүү керектигин айтты.

Charge fast - “Тез заряд” каржылык компаниясынын эки өкүлү – 33 жана 29 жаштагы кыздар алгач 2-мартта Бишкек шаарында кармалган. 4-мартта Каракол шаарында каржылык топко тиешеси бар 47 жаштагы жана 49 жаштагы эки аял кармалган.

4-мартта компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири – 48 жаштагы жана 29 жаштагы жаран Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилган. Дагы бири изделүүдө.

Маалыматтарда айтылгандай, милицияга алгач О.А. аттуу жаран 2-мартта арыз менен кайрылган. Ал кеп болуп жаткан компаниянын өкүлдөрү 400 миң сом акчасын “эки эсе көбөйтүп беребиз” деген шылтоо менен алдап алып, убадасын аткарбай, жашынып кетишкенине даттанган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында 100дөн ашуун жаран, Кара-Көл шаарында 116 жаран, Каракол шаарында ондогон тургун арыз менен кайрылган. Борбордогу чыгымдын көлөмү белгисиз, Кара-Көлдөгү чыгым 500 миң сом деп саналса, Кара-Көл шаарындагы чыгым 17 600 000 сомго чукул экени аныкталган.

Факт боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (Финансы пирамидаларды уюштуруу) кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдараак 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

Каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG